Ыргал Кадыралиева түрмөдө отургандарды жол курууга иштетүү демилгесин кайрадан көтөрдү

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева түрмөдө отурган жарандардын күчүн автоунаа жолдорун курууда колдонуу маселесин көтөрдү. Сунуш жарандарды коомдук иштерге тартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. “Түрмөлөрдө 15 миңдей адам отурат. Аларды жол курдуруп иштетүүнү мурда да сунуштагам”,- деген депутат каралып жаткан мыйзам долбоору чийки экенин билдирди.

Депутат Дастан Бекешев буга “сөз менен айтып коюш оңой, түрмөдөгүлөрдү жол курдуруп иштетүү кыйын, алар иштешпейт” деп жооп берди.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан