Кыргызстанда мектеп окуучуларын бир гана смена менен окутуу керек. Мындай сунушту парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. Айтымында, окуучулардын баарын түшкө чейин окутуп, түштөн кийин кошумча сабактарды өтүү зарыл.
Депутат борбор шаардын мектептеринде бир класста канчадан окуучу окуп жатканына кызыкты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова “Негизи, айыл жерлеринде 23 окуучуга чейин уруксат болот. Шаарда, айрыкча жаңы мектептерде 40 окуучуга чейин окуп жатышат” деп жооп берди.