Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-апрелде Ахматбек Келдибеков боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын угат

Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутат Ахматбек Келдибековдун Башкы прокуратура тарабынан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулат. Айта кетсек, Келдибеков коррупциялык кылмыштарга шектелип 2013-жылдын 20-ноябрында кармалган. Өткөн жылдын 18-декабрында анын кармалышынын мыйзамдуулугун иликтей турган депутаттык комиссия түзүлгөн эле. ЖКнын 17-апрелдеги жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов  комиссия ишин бүткөнүн билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан