Парламенттин 24-апрелдеги жыйынында депутат Карганбек Самаков өкмөттүн Ипотекалык компания түзүшүн сынга алды. Анын билдиришинче, бул органдын коррупциялык схемага түшүүсүнүн алдын алуу керек.
“Төрт айдан бери комитетте "Жеткиликтүү турак жай куруу" программасы боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Өкмөт “Ипотекалык компания түздүк” деп айтууда. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын экинчи башы өсүп чыкты. Акчаны Социалдык фонддун эсебинен алыптыр, башкасы бүтүп, эми пенсионерлердин акчасына өттүкпү? Коррупциялык схема башталып кетпеш үчүн муну парламенттик көзөмөлгө алалы. 1,5 миллиард сом эмне деген чоң акча?! Буга чиновниктин туугандарына үй салынганы жатат десек болот. Биз токтом сунуштап жатабыз, колдоп койгула”,- деди Самаков.