Талас облусу менен Токтогул районунун ортосунда жайыт талаштын айынан чатак чыкканы жатат. Муну парламенттин 24-апрелдеги жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев айтып чыкты. Анын билдиришинче, Токтогул районунда жайыттар кескин кыскарып кетти. “Токтогулда дээрлик жайыт калбаптыр, бул маселени өз учурунда чечпесек, жыйынтыгы чоң конфликтке алып келиши мүмкүн”,- деди депутат.
Осмоналиев Токтогулдун Кара-Суу айылындагы мектептин оор абалын айтты. “Бала деген бала экен, окуучулар жаркылдап күлүп жүрүшөт, мугалимдер ыйлашты. Мектептин астынан суу чыгып, дубалдары кулаганы жатат. Буга көңүл бургула”,- деди депутат өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө.