Кыргызстандагы СССРдин Эл артисттерине стипендия берүү демилгеленүүдө  

Парламентте бүгүн, 24-апрелде депутаттар Кыргызстандагы СССРдин Эл артисттерине стипендия берүүнү демилгелеп жатышат. Вице-спикер Бөдөш Мамырова өлкөдө 5 гана СССРдин Эл артисти бар экенин белгилеп, аларга мамлекет кам көрбөй жатканын айтты.

“Алар мындай наамды жөн эле алган эмес, көптөгөн эмгектин артынан жетишкен. Бул маселени комитетте карап, аларга 20 миң сомдон стипендия чектеп берүүнү көтөргөнбүз. Бирок өкмөт муну кабыл албай жатат. Ушуга парламенттин токтомун кабыл алып койбойлубу? Мисалы, СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова жакында 70 жылдыгын белгилейт экен. Мен ал киши менен жолугуп сүйлөштүм, абдан түшүнүктүү адам экен. “Күүлөрүмдү тарыхта калтырыш үчүн даректүү тасма тартайын десем, 250 миң сом болот экен. Аны таба аламбы же жокпу, билбейм” дейт. Ушул маселеге көңүл буруп коёлу”,- деди Мамырова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан