Асылбек Жээнбеков: “СССРдин Эл артисти Самара Токтакунованын акча издеп жүрүшү уят”

“СССРдин Эл артисти Самара Токтакунованын чыгармачылык кече өткөрүү үчүн акча издеп жүрүшү уят” деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында. Төрага бул маселени чечүү боюнча өкмөткө тапшырма берди. “Мамлекеттин эсебинен каржыланган телеканал чыгармачылык кече уюштуруп берсе болот да. Самара Токтакунованын 40 мүнөттүк тасма даярдап, архивде калтырам деп акча издеп жүрүшү уят. Муну чечүүнүн кыйынчылыгы жок, чечиш керек”,- деди Жээнбеков.   

Жыйында депутат Бөдөш Мамырова атактуу комузчуга колдоо көрсөтүүнү сунуштаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан