Эртең Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өтөт

Эртең, 25-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Анда төмөндөгү маселелер каралмакчы:

1. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”).

2. 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 15-апрелинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынындагы талкуулардын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелерди кароону улантуу тууралуу чечим кабыл алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан