Өкмөттүн жаш мугалимдерге депозит төлөө тууралуу токтому ушу кезге чейин аткарылбай жатат. Анын качан аткарылары боюнча да так маалымат жок. Муну ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Жумабеков айтып чыкты.
“Жаш кадрларды колдоого багытталган чечимине ишенип алыскы аймактарда иштеп жаткан жаш мугалимдер азыр өкмөттүн мындай кадамынан улам "алар бизди алдап коюшканбы..." деп, депозиттин төлөнөрүнө ишенбей турушат. Бул маселени тезинен чечүү чаралары көрүлүүгө тийиш”,- дейт депутат.