“Салык кызматында “Оптом” деген кличкасы бар адамдар жүрүшөт” дешти депутаттар  

Мамлекеттик Салык жана Бажы кызматынын жетекчилигин толук отставкага кетирүү зарыл. Муну ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков айтып чыкты. “Салык кызматынан Исхак Масалиевди эле эмес, анын орун басарларын да кетириш керек. Анткени булар бир команда. Арасында “Оптом” деген кличкасы бар кызматкерлер бар. Бажы кызматынын жетекчилерин да бүт бойдон кызматтан бошотуш керек”,- деди депутат. 

Мадылбеков өкмөткө жардам берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга жардамдашуу зарыл деп эсептейт. Ал үчүн бажы, салык алымдарынын чогулушуна катуу көзөмөл керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан