Билим берүү министрлиги: Айрым жогорку окуу жайларда 1 тайпада бирден гана студент окуйт 

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу айрым тайпаларда бирден гана студент окуганын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде аталган министрликтен кабарлашты. 

Маалыматта белгиленгендей, министрлик 2014-жылдын 8-апрелинен бери республиканын жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу процесси, студенттердин сабакка катышуусу боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

“Сабакка катышуусу боюнча эң төмөн деп Чүй университетине караштуу Бишкектеги колледж табылды. Аталган окуу жайдагы студенттердин сабакка катышуусу 39,5 пайызды гана түзөт. Кыргызстандагы Москва ишкердик жана укук университетинин филиалында окутуу процессинин уюштурулгандыгы начар экени аныкталды. Ошондой эле окуу жайдагы айрым тайпаларда бирден, төрттөн гана студент окуганы жана студенттерди жалпы мамлекеттик тестирлөөсүз эле алгандыгы билинди. Ал эми окутуучу курам тиешелүү деңгээлге жооп бербейт экен”,- деп кошумчалайт басма сөз кызматынан.  

“Мыйзам бузуулар катталган окуу жайларга карата чаралар көрүлүп, айрымдарынын лицензиялары артка кайтарылып жана жабылышы мүмкүн” дейт министрликтен.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан