Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 24-апрелде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы пенсиялык камсыздоо, камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүү деңгээли жана пенсияларды каржылоо боюнча маалымат укту. Соцфонддун жетекчиси бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өсүү темпи жөнүндө айтып, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгашалар 33 065,1 миллион сомго жеткенин жана 2014-жылы бул көрсөткүч 37 338,7 миллион сомго жетерин айтты. 

Ошондой эле жолугушууда күзгө карата пенсияларды көбөйтүү маселеси талкууланды. Азыркы тапта пенсиялык төлөм бир адамга 4432 сомду түзөт. Мамлекет башчы пенсиялык төлөм тармагындагы реформа жарандарды пенсия менен камсыз кылууда адилеттүү иш алып барууга багытталышы керектигин баса белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан