Жогорку Кеңеште депутаттар Аида Саляновага сөз бербей чуу чыгарышууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-апрелде депутат Ахматбек Келдибековдун кармалып, СИЗОго камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынды. Андан кийин башкы прокурор Аида Салянова Келдибеков боюнча маалымат берүүгө киришкенде оппозициядагы депутаттар каршы чыгышты. “Комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алдык. Эми башкы прокурордун сөзүн угуунун кереги жок. Анын сөзү сотко кысым көрсөтүү болуп эсептелет” дешти депутаттар.

Башкы прокурордун сүйлөшүнө макулдук берген депутаттар “Атайын чакырылгандан кийин сөз сүйлөшү керек, анын укугу бар. Анын маалыматын аягына чейин угушубуз керек” деп айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан