Өкмөт үйүндө Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгын өткөрүү маселеси талкууланды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында 24-апрелде 1941-1945-ж.ж. Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин жеңишинин 69 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жумушчу кеңешмеси өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна ылайык, өкмөткө Жеңиштин 69 жылдыгына карата мерчемин иштеп чыгып, майрамдык иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилген.

9-Май күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылына бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык төлөнөт. Бишкекте "Жеңиш" аянтчасында митинг-реквием, концерттик программа өтүп, совет мезгилиндеги аскер техникаларынын көргөзмөсү өтүп, майрамдык салют атылат.

Жеңиш күнүнө карата район, облус борборлорунда майрамдык иш-чаралар, көргөзмөлөр болот. Ошондой эле тегерек стол отурумдары уюштурулуп, окуу жайлардын студенттерине лекциялар окулуп, мектептерде класстык сааттар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан