“Жаш дарыгердин депозити” программасы ыңгайлуу болбогондуктан, Кыргызстандын аймактарына иштегенге кетип жаткан жаш адистер кошумча айлык акы алышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Медициналык академияда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадр башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов маалымдады.
“Аймакта иштей турган жаш адис Саламаттыкты сактоо министрлиги менен келишим түзүп, анын негизинде ар бир квартал сайын 38 миң сом, ал эми колуна айлык акысына кошумча орто эсеп менен 11 миң сом алмакчы.
Аталган программа аркылуу иштейм деген каалоочулар көп чыкты. Бирок биз 2010-2011-жылдары окуусун аяктаган адистерге басым кылдык. Учурда бул программа менен 100 адис эмгектенүүдө”,- деди М.Исмаилов.