Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиянын баасы 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлөт

КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-жылдын 1-июлунан баштап электр энергияны нормадан ашыкча колдонгон абоненттер үчүн саатына 1 киловаттын баасын 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшүн сунуштап жатат. Бул тууралуу “2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбоорунда жазылууда.

Бул долбоорго таянсак, электр энергияны колдонуунун нормасы апрель-сентябрь айларында саатына 300 киловаттка барабар болсо, октябрь-март аралыгында ушул норма саатына 600 киловаттка тең. Ушул нормадан ашырбай колдонгон абоненттерге гана электр энергиянын баасы өзгөрүүсүз, ошол бойдон калат.

“2014-жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясы менен жылытуунун баасын 214 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул көрсөткүч 70 тыйындан 2,2 сомго барабар” деп жазылат аталган долбоордо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Limushka
2014-04-26 17:29:15
Atambaev ushu bir nerseni korgonu kaldy((
0
kyrgyzstan_93
2014-04-26 18:25:38
ким болбосун капчыгы толгондон кйн бардык нерсени кыйматтатырып ташташат чынын айтсам Кыргызстандын келечегин коро албайм.
-1
moke
2014-04-26 18:48:31
Мен да кыргызстандын онугушуно козум жетпей калды. Чон баштар качандыр бир, бир убакта окуносунор, башынарды кучактап ыйлаарсынар. Эл эмес, озунордун неберенер бетинерди карагысы келбей кала турган учур келет талаалап калган убагынарда. Элдин каргышы тийсин силерге!
0
meho0000
2014-04-28 09:12:42
moke, келгиле эсептеп королу...600*0.7=420сом...600*1.2=720сом...300сом айырма...300сом эмес 3000сомду деле кафеге барыпжок кылып жатпайбызбы...же баскандан эригип таксиге отура калабыз туурабы...менимче бул эн туура жолдун бири экономит эткенди билбесен...а жанагы коп свет урунган кафе,сауна ж.б. толосун да туурабы...
0
Owsiti
2014-04-26 19:10:47
moke Тууру айтат мен да кошулам.Чынында бул не деген жакшылык ар бир адамда болгудай машина беле бул бензин эмеско кымбаттаса токтотуп койуп маршурткада жургудой.Байакы эле карапайым элге кыйын го.

0
Talant0906
2014-04-26 19:30:52
Ким кандай ойлойт билбейм лично мен 3 сом болсо деле каршы эмесмин мага 3 фазага уруксат берилсе толой берем ошондо деле телефонго кеткен акчадан 5 эсе аз толойбуз айына!
0
Talant0906
2014-04-26 19:33:35
Булар билген муруун эле кымбаттатыш керек экенин бирок бийлике ошону курал кылып алып, ооздорун ача албай 4 жыл жатты ар нерсени бир айтып
0
No_comment.
2014-04-26 19:50:40
Электр энергиясын бесплатный берсе да болот! Жакында таджикстан, озбекстандын кейпин киебизго бу кетиште! Баарын озгортуш элдин гана колун да! Элди алдап койуп жатышат! Капитализмдин бет кабын кийген демократиянын азабын дагы коп чегет окшойбуз! Кыргызым Ойгонгула! Баары биздин колубузда. Биз коркпой ынтымактуу болсок баарын озгорто алабыз.
0
meho0000
2014-04-28 09:16:58
No_comment., Чынгыз хан 17 жоокери менен бийликти алган...биз коппуз го деп ак уйго чуркайсынарбы...Ойлонгула дегенин ушуга намёкпу же...
0
Manasasman
2014-04-26 19:59:27
Булар эми корпойт Вова братанына баштарын тыгып алышты. ТС кирсе, кыргыз газды дагы эмне сатканы убада кылып коюушту. Коздорун май басып калат тура бийлик деп эле калышат экен, мамлекетти ойлоп да коюшпайт. Тен ортосунан болуп кетсе да бийликте олтурса болду экен камырабай. Ошондой бийлик учун кан тогулсо да бары бир тура.
+1
baktiyar73
2014-04-26 20:36:45
Бир президент 1,50 кыла койом деп куулду эле сабак болбоптур бул президентке! Кечиресинер чон тамга менен жазбаганыма себебин озунор билерсинер.
+1
yasmina_kg
2014-04-26 20:49:07
Чиновниктер учун 10 сом кылсанар да коп болбойт.Карапайым элге 70 тыйын да коптук кылат.Башы оорубаган кудай менен иши жок болуп жатаасынар да.
+1
Eldiyar_vip2
2014-04-26 21:03:28
Алланын бергенин туура пайдалана алышса экен каргыш ургурлар,.коп мамлекеттерде кырг.суусу кырг.кенбайлыктары жок бизден жакшы жашашат.
+1
future_kg
2014-04-26 23:23:18
Айланып келип эле Бакиевтин системасына тушо турган болдук! 7 апрелде светтин которулгону учун тонкоруш болуп, 70 жигит олду эле ! Ойлоп корсон бекер эле курман болуп кетти ошолор!
0
barsa1984
2014-04-27 21:03:50
Ушул тариф чиновниктер үчүн да иштейт болду бекен, же жалгыз эле карапайым калк үчүн чыгарылган тарифпи!? Эгер калк үчүн болсо анда бул өкмөт да көпкө турбайсыңар.
0
Abdyrawit
2014-04-28 01:40:02
Озу ушундай кымбатчылык болуп,светкке,телефондорго акча кошо баштаганда.кыргыздын бир макалы эске тушот.
"Олор эчки койчунун таягына суйконот"
0
Abdyrawit
2014-04-28 02:01:02
2-сом азго.ошончо болуп калыптыр 5-сомго эле которуп койбоптурсунарда.
Себеби элди иш менен камсыз кылып теринер агып чарчап атасынар да.
Элдер воздухтан акча алып.оло жыргашып атат.байлыктарын,акчаларын кайсыл жакка иштетээрин билбей баштары катып турган чагы.
Депутаттарга бир кенешим.андан коро элге акча топтоп бергилечи десе.ошол бир аз ынгайлуу болмок да.
Жанагы "Эл о..о" бала бакчасында олтура бербей.эл акчаны кайдан таап атат деп текшерип коргулочу!
Мен эрежен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан