Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев малдын жазгы эмдөөсүн үзгүлтүккө учуратканы үчүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Азизбек Шакировго сөгүш берди.
Мындай чечим өкмөттүн 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Жоомарт Оторбаев аталган инспекциянын жетекчилиги бул маселени кароону башка күнгө жылдырууну сунуштаганын билдирип, “Биз мындай маанилүү маселени артка жылдыра албайбыз. Муну кечигип карап жатабыз” деди.
Премьер-министр аталган инспекцияда реформа жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.