Ош облусу боюнча 48,6 гектар жер аянтына 39 155 түп көчөт отургузулду. Министрликтин “Жашыл долбоор” демилгесинин алкагында облустун Ноокат районунун аймагында, Кыргыз-Ата, Т.Кулатов
атындагы айылдык аймагында, ошондой эле Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа, Кара-Кулжа, Кеңеш айыл аймактарында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
БУУнун "Өнүктүрүү" программасы тарабынан тикендүү зым, мык, узундугу 4 метр жыгач, сыр, зым, арматура сыяктуу курулуш материалдары берилди.
Өзгөн районунун Салам-Алик
айылдык аймагы Кызыл-Байрак айылында 1 гектар кооптуу чекке министрлик
менен биргеликте жашыл долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Долбоорду ишке
ашырууга зарыл болгон 360 килограмм цемент (2520 сом) жана 222 метр бурчтук (уголок, 26 640 сом)
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилет.
Калган курулуш материалдары
айылдык аймак тарабынан берилет жана 1000 түп жаңгак көчөтү ӨКМнын кызматкерлеринин катышуусундагы ишембиликте отургузулду.
Калган курулуш материалдарын сатып алуу үчүн айылдык аймак тарабынан 50 миң сом
каралганы жөнүндө кепилдик каты башкармалыкка берилди. Долбоор ишке ашырылса, 10 турак жай жер көчкүдөн корголот. Жалпы Ош облусу боюнча 43 аймакта көчөт отургузулду. “Жашыл долбоору” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун демилгеси менен иш жүзүнө ашууда. Бул тууралуу 28-апрелде ӨКМнын Ош
облустук башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Таалай
Айткуловго шилтеме берүү менен министрликтин басма сөз кызматы билдирди.