Маалыматта белгиленгендей, 26-апрелде Каракол шаарынын калктуу конуштарында, кичи райондорунда, борбордук көчөлөрүндө таштандыларды тазалоо, бактарды актоо, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле шаардагы "Жеңиш багы" да тазаланып, бак-дарактар акталып, алдыдагы 9-Май - Жеңиш күнүнө карата даярдык иштери көрүлдү.