Парламенттин Социалдык саясат комитети Кыргызстанга гендик модификацияланган организмдерди киргизүүгө, өлкөдө өндүрүүгө, сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Мындай чечим комитеттин 29-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева “Мыйзам долбоору экинчи окууда кызуу талкуудан өттү. Үчүнчү окууда сунуштар түшкөн жок, кабыл ала берели” деп билдирди. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Эркингүл Иманкожоева буга чейин: "ГМО азык-түлүктөрү себилген жерге экинчи жолу таза өсүмдүк өспөйт. Азыр Кыргызстанга аз өлчөмдө гана кирүүдө. Бара-бара бул нерсе кыргыз элинин саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, Кытайдын алмаларын карайлы. Сыртынан карасаң абдан сонун, алар алманы өстүрүп жатканда ага курт-кумурсканын генин кошот. Өз гени кошулган мөмөнү курт жебейт",- деп билдирген эле.