Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 29-апрелдеги жыйынында депутат Дамира Ниязалиева менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келгенден кийинки жашоосуна кам көрүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Маселе каралып жатканда уруксат сурабай сөз сүйлөгөнү үчүн аталган министр комитет төрайымынан бир нече эскертүү алды. Аягында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары боюнча мыйзам долбооруна каршы сөз сүйлөгөн тармактын кызматкерине министр кызууланып “бул үчүн сиз жапа чеккен жоксуз, миңдеген жаран кыйналып жатат” деп сөөмөй кезеди.
Мындан кийин комитет төрайымы Дамира Ниязалиева министрге дагы бир эскертүү берди. “Сиз күпүлдөп сүйлөгүдөй кабинетиңизде отурган жоксуз. Комитеттин жыйынында отурасыз. Мен сизге сөз берген жокмун, антип күпүлдөбөңүз”,- деди Ниязалиева.