Асылбек Жээнбеков “чет элден менеджер алып келип, башкарууну үйрөнөлү” дейт 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун Түркия жараны болушуна каршы эмес. Муну төрага парламенттин 30-апрелдеги жыйынында билдирди. 

“Өзүбүз башкара албаган мекеме, ишканаларды чет элден менеджер чакырып иштеткенден коркпошубуз керек. Келишсин, иштетишсин. Биз алардын үйрөнүп, кийин өзүбүз башкаргыдай бололу. Ошондо гана өнүгөбүз”,- деди төрага.

Жыйында бир катар депутаттар аталган окуу жайды түркиялык жаран башкарышы туура эмес экенин айтышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан