“Азыркы тапта “Баатыр эне” наамын алып жүргөн пенсия курагындагы энелердин пенсиясына 1000 сомдон кошумча каражат төлөнүп жатат. Эми бул колдоонун экинчи этабы да ишке ашырылат. Тактап айтканда, жашы пенсия курагына келе элек Баатыр энелерге да каражаттык колдоолор караштырылат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте иш алып барып жатабыз”.
Муну 30-апрелде депутат Айнуру Алтыбаева “Парламент” радиосунун түз байланышында билдирди.
Депутат Кыргызстандагы калктын 52 пайызын түзгөн аялдардын коомдогу орду тууралуу пикирин айтты. Айым депутаттардын парламентке келиши менен социалдык өңүттөгү бир катар мыйзамдарды даярдоо тездегенин айтат Алтыбаева.