Түндүк –Түштүк альтернативдик унаа жолун курууда Сузактын айылдарынан 7 үй бузулат

Түндүк –Түштүк альтернативдик унаа жолун курууда Сузактын айылдарынан 7 үй бузулат. Алар: Таран-Базар, Благовещенко, Октябрь айылдары. Бул үйлөр жолдун курулушунун долбооруна ылайык келбегендиктен бузулат. Муну аталган жолдун курулушу боюнча инженердин кеңешчиси Кубанычбек Ормонов билдирди.

Түндүк –Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулуш долбоору чоң болгондуктан, айрым тилкелери Сузак районунун айылдарынан өтөт. Жол кеңейтилип салына турганына байланыштуу айыл ичинен өтө турган жол төрт тилкелүү болсо, айылдан сырткаркы жерлер эки тилкелүү болот. Долбоордо 6-7 үй жолго туура келип калгандыктан, ал үйлөр айылдын башка тарабына көчүрүлөт. Ал эми үй ээлерине компенсация төлөнүп берилет”,- деди Ормонов.

Эске салсак, бүгүн, 2-майда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында аталган унаа жолдун курулушунун расмий ачылышы болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан