Эльвира Сариева чатырда окуп жаткан окуучулардын маселесин чечүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 2-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева курулуш тармагындагы маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлиги, Архитектура, курулуш жаша турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда Сариева бала бакча жана мектептерди курууну долбоорлоонун сапатын өзгөртүүнү аталган агенттиктен талап кылды.

“Өлкөдө бүгүнкү күндө 153 мектеп жетишпейт. Эки айылда окуучулар чатырда билим алышууда. Нарын облусундагы Ак-Жар айылындагы мектептин курулушуна 43 миллион сом кеткен, бирок имарат жараксыз абалга келип калган. Экспертиза мындай мектепти 4 эсе арзан баага курууга мүмкүн экенин айтты. Курулуш стандарттарын карап чыгуу боюнча өзүңөргө тапшырма койгула”,- деди Сариева.

Сариева жаңы окуу жылында чатырда окуган окуучулар болбошу керектигин белгиледи. “Бул көйгөйлөрдү чечүүгө силерге жетиштүү каражат бөлүнүп жатат”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан