“20 жыл ойлонулбаган нерсени ойлонуп жасап жатабыз”,- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 2-майда Казарман айылында эл менен кезигишүүдө.
Айтымында, 4-5 жыл аралыгында республиканын бардык аймагы жаңы жолдор менен толукталат.
“Кудай буюрса, мындай заңгыраган жолдорду баштап жатабыз. Азыр айрым аймактарда коңшу айылдарга бара турган жолдун жоктугунан катташа албай жатышат. Ушунун баарын ойлонуп жасап жатабыз. Муну көрө албагандар да бар”,- деди Атамбаев.
Айта кетсек, өлкө башчы бүгүн Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолун куруу ишинин расмий ачылышына катышты.