Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Раззаковго арналган мемориалдык комплекстин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, депутат Назарали Арипов жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган мемориалдык комплекстин ачылыш аземине катышты. Иш-чара Баткендин Лейлек районундагы Кулунду айыл округунда орун алганын бүгүн, 2-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Төрөбай Зулпукаров Кулунду айылында жаңыдан курулган спортзал менен футбол аянчасынын ачылышында да сөз сүйлөп, жаштарды спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдоого чакырды. Аларды чыныгы мекенчил болууга үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан