"Республика" фракциясынын лидери Баткендеги "Инновациялык мектеп" программасы менен таанышты

Жогорку Кеӊештеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов 28-апрелден 1-майга чейин Баткендин Лейлек районундагы бир катар айылдарды кыдырып, билим берүү тармагынын көйгөйлөрү менен таанышты.

28-апрелде Исфана шаарынын Навои мектебинде, Баул айылындагы мектепте мугалимдер менен жолугушту. Депутат жаштар Кыргызстандын келечеги экенин, билим берүү системинин көйгөйлөрүнө өкмөт көп көӊүл бурушу керектигин белгиледи.

29-апрель күнү Сүлүктү шаарынын №7 жана №3-орто мектептеринде, Исфана шаарынын Ю.Гагарин, Кара-Булак орто мектептеринде "Инновациялык мектеп" программасы менен жүргүзүлүп жаткан иш ыкмасы менен таанышканын билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутат 30-апрелде Бешкент айыл өкмөтүндө стоматологиялык жабдуу тапшыруу аземине, 1-Май майрам күнү Кулунду өрөөнүнүн түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан