Ош. Ыргал Кадыралиева пенсияны үй-бүлөнүн киреше тизмесинен чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты

Бүгүн, 2-майда Ноокат районунда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бир катар депутаттардын катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу Ош обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында депутат Ыргал Кадыралиева пенсияны үй-бүлөлүк кирешенин тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын айтты. "Эгерде бул мыйзам колдоого алынып калса, анда ата-энелердин пенсиялары киреше бөлүгүнөн алынып, ал үй-бүлө балдары үчүн жөлөк пул алуу укугуна ээ болот",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан