Асылбек Жээнбеков тамеки тармагында атаандаштыкты күчөтүү керектигин айтты
Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-майда Оштун Ноокат районуна иш сапары менен барды. Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрдүн бири катары тамеки тармагын өнүктүрүү маселесин коюшту. Асылбек Жээнбеков бул тармакты өнүктүрүү үчүн атаандаштыкты күчөтүү зарыл деп, мисал катары Таластагы төө буурчакты сатып алууда монополия жоюлганын, жыйынтыгында төө буурчактын баасы жогорулаганын айтты. "Убагында Кыргызстанда кеминде 46 миң тоннадан жогору тамеки өндүрүлчү. Сары алтындан (тамеки) көп киреше тапса болот. Ал үчүн атаандаштыкты күчөтсө, баа көтөрүлүп, анын негизинде элдин кызыгуусу жаралат”,- дейт Жээнбеков.