"Кыргызстан жок болот" дегендер терең жаңылышат" деди президент Атамбаев

Башка мамлекетте туруп алып "Кыргызстан жок болот, бөлүнүп-жарылат" дегендер аз эмес”,- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда Тогуз-Тородо эл менен жолугушууда.

Силер билесиңер, Кыргызстанды жок кылам деген саясатчылар аз эмес. Манас атабыз айткан, “курама жыйнап журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” деп. Азыр ошол курама журтубузду бөлөбүз дегендер болуп жатат. Өзгөчө аймак-аймак, түндүк-түштүк кылып бөлөбүз дешет. Бирок мен айтып коёюн, антип айткандар терең жаңылышат”,- деди Атамбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан