“Мындан ары коңшу мамлекеттерге көз каранды болбойбуз” дейт Алмазбек Атамбаев

"Коңшу мамлекеттер менен мамилебиз жакшы болуш керек, бирок аларга көз каранды болгонубуз жарабайт". Муну президент Алмазбек Атамбаев 2-майда Тогуз-Торого болгон иш сапарында билдирди.   

Өлкө башчы Кыргызстандын көз карандысыздыгын сактоо боюнча маселеге токтолду.

Бүгүн чек ара маселеси курч болуп жатат. Бирок көйгөй эмне үчүн 23 жылдан бери чечилбей келди? Анткени кыш келгенде эле коңшу мамлекеттерге газ сурап кайрылып жүрдүк. Бул маселе чечилип калса, биз алар менен жакшы мамиле түзүп, бирок көз каранды болбойбуз. Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек”,- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан