Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде социалдык тармактын долбоорлору сунушталды

Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева үчүн БУУнун социалдык тармактар боюнча долбоорлору сунушталды. Бул тууралуу 2-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

БУУнун аймактык, мамлекеттик жетекчилери ар бир мекеменин ишмердүүлүгүн, актуалдуу социалдык маселелерди чечүүдөгү жыйынтыктарын көрсөтүштү.

Анын жүрүшүндө "Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттары" программасынын алкагында республиканын алдындагы милдеттери боюнча пикир алышышты. БУУ өкүлдөрү 2015-жылга карата БУУнун миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан болгон жакырчылыкты кыскартуу, сапаттуу билим алууну камсыздоо, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана башка дарттарынын таралышын жоюу, гендердик теңсиздиктен арылуу, натыйжалуу өнөктөштүк боюнча улуттук декларациянын маанилүүлүгүн белгилешти.

Соңунда вице-премьер-министр социалдык тармакты реформалоодо өнөктөштөрдөн болуп келген БУУнун "Өнүгүү" программасынын кызматташтыгына ыраазычылык билдирди.

“Биз сиздердин социалдык тармакта жүргүзүп жаткан ишиңиздерге ыраазыбыз. Парламент тарабынан жактырылган жана 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы шарттаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу өкмөттүн негизги индикатору болуп саналат”,- деди вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун координатору – ПРООНдун атайын өкүлү Александр Аванесов өз кезегинде кыргыз өкмөтү менен социалдык тармакта кызматташууга даяр экендигин, социалдык программаларды жана тармактык документтерди ишке ашырууда эксперттик жана техникалык жардам берүү приоритеттеринен экендиктерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан