Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда Тогуз-Торо районунда эл менен жолугушууда: "Тогуз-Торо району жолго муктаж болуп жатса, Сузак району өз жолун өзү бууп жатат”,- деп билдирди.
Өлкө башчы Тогуз-Торо району эгемендик алган жылдардан бери өзүн-өзү каржылап келе жатканын белгиледи.
“Тогуз-Торо району жолго муктаж болуп, жашоочулар кышында эч жакка чыга албай калышат. Бирок Сузак районунун тургундары өткөн жылы жол бууп жатышты. Билесиздер, жол жапкан мусулманчылыкка жатпайт. Мусулманчылыкта жолдо таш жатса да алып коюш керек. Тогуз-Торо району салык төлөө жагынан башка райондордон алдыда. Сиздерге рахмат. Тогуз-Торо географиялык жактан алып караганда Кыргызстандын борбору”,- деди президент.