Баткенде 7-май күнү болгон чатакта жаракат алып ооруканага түшкөн 9 адамдын 7си учурда облустук ооруканада. Муну бизге бүгүн, 12-майда Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди. Айтымында, окуяда оор жаракат алган 2 адам Бишкекке которулду. Учурда алар №4-шаардык ооруканада.
Айта кетсек, аталган окуяда жалпы 14 адам жаракат алган. Чек ара чатагы боюнча бүгүн, 12-майда Тажикстанда кыргыз-тажик делегациялары сүйлөшүү жүргүзүшөт.