Темир Сариев: "Бажы биримдиги боюнча жол картасы 90дой нормативдик актыны өзгөртүүгө мажбурлайт"

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү жол картасы 90дой нормативдик актыны өзгөртүүгө мажбурлайт. Анын ичинен 30га жакыны мыйзамдык актылар. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда экономика министри Темир Сариев басма сөз жыйынында билдирди.  

Жол картасы 182 пункттан турат. Анда Кыргызстандын өзүнө алган милдеттемелери бар. Ошол эле учурда Евразиялык экономикалык комиссия менен бирге өткөрө турган иш-чаралар камтылган. Ал эми өзгөртүүгө мажбур болгон нормативдик актыларды карап чыгып, мамлекеттик ички процедуралардын баарынан өтүшүбүз керек. Бирок бул биримдикке кирди дегендикти билдирбейт”,- деди Сариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан