Нурдин Абдылдаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 13-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта министрдин орун басары кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазганы айтылат.
Н.Абдылдаев 2013-жылдын 29-июлунан бери аталган кызматты аркалап келген.