Депутаттар Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышышат

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусупали Исаев, депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Алмазбек Баатырбеков жана Бакыт Шаршеев 13-14-майда иш сапары менен Нарын облусунда болушат.

Депутаттар Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реконструкцияланып жаткан абалы менен таанышып, Боом капчыгайынан Нарынга чейинки аймакта жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүн жана анын сапаттуулугун жеринде көрүп чыгышат. Депутат Б.Шаршеев билдиргендей, эл өкүлдөрүнүн иш сапарына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү да катышууда.

Депутаттар Нарын аймагынын ички жолдорунун абалы менен да таанышып, буга чейин көтөрүлүп келген Ат-Башы районунда бажы терминалын куруу маселесин да жеринде карашат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан