Талант Абдуллаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Муну бүгүн, 13-майда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-майда кол койгону айтылды.