Анда 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата КРнын туристтик потенциалын көтөрүү максатында Кыргызстан жөнүндө видео көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыздын улуттук тамактары тартууланып, каада-салты жана жалпы маданияты жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Виндек шаарынын борбордук бөлүгүндө атайын коноктор үчүн боз үй тигилип, көчмөн кыргыз калкынын турмуш- тиричилиги көрсөтүлүп, бешик ыры ырдалды. Кыргыздын кол өнөрчүлөрү жасаган сувенирлер кызыгууну жарата алды. Иш-чаранын жүрүшүндө "Кыргызстанга кош келиңиздер!" деген аталыштагы китепчелер таратылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.