Алмазбек Атамбаев Кант шаарынын суу системин оңдой турган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. 

Келишимге ылайык, Швейцариянын Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыгы 3,6 миллион евро грант, 1,4 миллион евро техникалык жардам караган. Ошону менен бирге өкмөт 1 пайыздык үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө 1,5 миллион евро насыя каражат бөлөт.

Келишим долбоору боюнча үч жылдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Алынган каражатка шаардын 13 чакырым келген суу түтүгү алмаштырылып, ар бир кардарга өзүнчө суу ченегичтер орнотулат. Ушул тапта таза суу менен камсыз кылуу наркы жан башына 52 сомдон айланууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан