Индияда 7-апрелде башталган парламенттик шайлоо 5 айлампага созулуп, 12-майда аяктады. Ал эми жалпы жыйынтыгы 16-майда жарыяланары күтүлүп жатканын бүгүн, 14-майда чет элдик ММКлар жарыялашты. Маалыматка караганда, добуш берүүгө 800 миллиондон ашуун шайлоочу катышкан. Көпчүлүгү кезек күтүү менен добуш беришкен. Алардын көпчүлүгү “Бхаратия Жаната" партиясына добуш беришкени айтылууда. Ал эми жергиликтүүлөр аталган партиянын лидери Нарендра Модини улутчул катары таанышат. Модин “Индиянын экономикасын көтөрөм жана 100 жаңы заманбап шаар курам” деген убадаларын берип келген.