Аксыдагы Иринжит каналы быйыл сугат мезгилине чейин бүтөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Иринжит каналы быйыл сугат мезгилине чейин бүтөт. Муну бүгүн, 14-майда аталган райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка таянсак, ушу тапта каналды бүтүрүү иштери кызуу уланып жатат. 
"Быйыл сугат мезгилине канал даяр болот. Анын расмий ачылышына президент Алмазбек Атамбаевдин келери күтүлүүдө",- деп билдирди администрациядан. Былтыр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында президент аталган каналдын курулушу менен таанышып чыккан. 
Айта кетсек, Иринжит каналы Беш-Батман суу чарбачылыгына кирет жана каналдын жалпы узундугу 7 чакырым 620 метрди түзөт. Ишке кирсе аймакта миңдеген гектар жер сугат жерге айланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан