Аксы районунда 2014-жылдын алгачкы 3 айында 6887 үй-бүлө жөлөк пул алды. Берилген жөлөк пулдун суммасы 50 миллион 849 миң сом. Муну бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Аксы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Садырбек Жаналиев билдирди. Айтымында, жөлөк пул район боюнча 21 655 балага берилет.