Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Түркия парламентинин төрагасы Жемил Чичекке көптөгөн адам курмандыктарына алып келген Сома шахтасындагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Муну бүгүн, 14-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан курман болгондордун жакындарынын аза кайгыларын бөлүшө турганын, ал эми жабыркаган адамдардын тезинен сакайып кетүүсүнө тилектеш экенин билдирди.