Бүгүн, 6-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев иш сапары менен Нарын облусунда болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын иш сапары Жумгал районунун Арал айылындагы түндүк-түштүк унаа жолуна байланыштуу курулуп жаткан жумушчулар шаарчасында болуу менен башталып, андан соң Кара-Кече аймагында болот.
Ошондой эле Нарын районундагы Жогорку Нарын ГЭС каскадында болот жана Достук айылындагы Ат-Башы ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышат.
Иш сапарынын алкагында премьер Ысык-Көл облусунда болуп, туристтик жайкы сезондун ачылыш аземине катышат.