“Бүгүнкү бюджет - өлкөнүн экономикасын, социалдык тармагын өнүктүрүүгө реалдуу курал”,- деп билдирди Тайырбек Сарпашев. Муну өкмөт мүчөсү бүгүн, 6-июнда Бишкекте Кыргызстандын каржы-экономика системинин 90 жылдыгына карата өткөн иш-чарада айтты. Биринчи вице-премьер өз сөзүндө өкмөттүн атынан каржы тармагында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Өлкөнүн каржы түзүмдөрүнүн тең салмакташкан, так жана пайдалуу ишинен мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин иштеши көз каранды. Заманбап статистикалык көрсөткүчтөргө таянсак, каржы кызматтарынын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берүүгө негиз бар”,- деди Сарпашев.