"Кыргызгаздын" башчысы Тургунбек Кулмурзаев Ошко газ качан берилери белгисиз экенин айтты

Бүгүн, 6-июнда парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Ошко газдын качан берилери белгисиз экенин айтты. Кулмурзаев 26-майда "Газпромдун" өкүлдөрү Ташкентке кат жөнөткөнүн айтты.

“Газпромдун” аймактык өкүлдөрүнүн бири Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге бул маселени чечүү керектигин айтты”,- дейт Кулмурзаев.

Өзбекстан тарап Камбар-Ата ГЭСи жана чек ара боюнча маселени көтөрүп жатканын билдирди ал. “Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Өзбекстан тарап менен байланышууга аракет кылышканда жооп болгон эмес”,- деп кошумчалады Кулмурзаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан