Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов жолугушту. 5-июндагы бул жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү. Иманалиев элчинин ишмердүүлүгү өлкөлөр арасындагы ишенимди жана эки тараптуу алаканы бекемдөөгө шарт түзөрүн белгиледи. Депутат элчини Ош шаарына газ берүү маселесин чечүүдө көмөктөшүүгө чакырды.