“Ата Мекен” өкмөткө “Кумтөрдө” тоо иштерин жүргүзүү планын бекитпөөнү сунуштайт

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы өкмөткө “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” “Кумтөр” кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын бекитпөөнү сунуштайт. Мындай чечим фракциянын 6-июндагы жыйынында кабыл алынды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, өкмөт планды бекитпей койсо, алтын кенинде мөңгүнү талкалаганы жаткан аталган компания мыйзамдын талабын аткарат. “Эгер компания ишти токтотуу менен шантаж кылса, өкмөт кенди консервациялоону колго алышы керек. “Кыргыз алтындын” жетекчилигин өкмөт тез арада карап, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албаган Шакировду (ред.“Кыргыз алтын” компаниясынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров) кызматтан алуу кажет”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан